"Манас" улуттук академиясы"

Википедия дан

Калып:Карточка Академии

”Манас” улуттук академиясы” мамлекеттик мекемеси (орус. Государственное учреждение “Национальная академия “Манас”) — Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик мекеме. Бишкек шаарында жайгашкан.

Аталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2019-жылдан баштап 2022-жылга чейин - ”Манас” жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы” мамлекеттик мекемеси.
  • 2022-жылдан баштап - ”Манас” улуттук академиясы” мамлекеттик мекемеси.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 31-январындагы ПЖ № 18 “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык түзүлгөн. Аталган Жарлыкка ылайык, 2019-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 275 “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө” Токтому чыгып, “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы” мамлекеттик мекемеси жөнүндө Жобо” бекитилген.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы ПЖ № 330 “Манас” эпосунун үчилтигин жана Ч.Т.Айтматовдун чыгармачылык мурасын ар тараптан иликтөө жана изилдөө үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы менен “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы” мамлекеттик мекемеси “Манас” улуттук академиясы” мамлекеттик мекемеси деп кайра өзгөртүлүп түзүлгөн. Жогорудагы Жарлыктын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 262 Токтому менен “Манас” улуттук академиясы” мамлекеттик мекемесинин жаңы Жобосу бекитилген.

“Манас” улуттук академиясынын түзүмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. “Эпостаануу” илимий-изилдөө борбору
  2. Коммуникация жана эл аралык байланыштар бөлүмү

Коомдук башталыштагы кеңештер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Окумуштуулар кеңеши
  2. Консультативдик кеңеш

Академиянын негизги озуйпасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Манас” үчилтигинде жана кыргыз элинин кенже эпосторунда камтылган руханий-философиялык жана адеп-ахлактык-этикалык баалуулуктарды сактоо, илимий изилдөө, кеңири жайылтуу жана өсүп келе жаткан муунга өткөрүп берүү.

Академиянын эң негизги максаты жана милдети “Манас” үчилтигинде, кенже эпостордо жана материалдык эмес маданий мурастарда камтылган руханий-философиялык жана адеп-ахлактык-этикалык баалуулуктарды илимий изилдөө, коргоо, сактоо жана дүйнө жүзүнө кеңири жайылтуу аркылуу адамзат цивилизациясынын ааламдашуу шартында кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүктөрүн сактап калуу, Кыргызстан элинин биримдигин жана ынтымагын бекемдөө, Өлкөнүн мамлекеттик идеологиялык ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу жаатында мамлекетке көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө “Манас” эпосуна, кенже эпосторго жана кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарына байланыштуу маданий, илимий иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү менен анын коомчулукка кеңири жайылышын камсыздайт. Кыргыз элинин эпикалык мурастары боюнча комплекстүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү аркылуу азыркы дүйнөлүк гуманитардык илимдин багыттары катары манастаанууну жана эпостаанууну өнүктүрүүнү максат кылат.

“Манас” эпосунун классикалык варианттарын, окуу жайларында манастаануунун окуу, окуу-методикалык курсун сактоону, жайылтууну жана коргоону мамлекеттик жөнгө салуу боюнча чараларды жана сунуштарды иштеп чыгып, өсүп келе жаткан жаш муундардын мекенчилдик сапатын ойготууга, улуу мурастарыбыздын муундан-муунга берилишине өз салымын кошуп келет.

“Манас” улуттук академиясы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча эл аралык жана республикалык стипендиялык программаларды жана гранттарды уюштуруу жана ыйгаруу ишин жүргүзө тургандыгын маалымдайт.

Негизги милдеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

• Материалдык эмес маданий мурастарды чогултуу, сактоо, санариптештирүү, кодификациялоо жана жарыялоо • Эл аралык жана республикалык стипендиялык программаларды иштетүү • Республикалык, эл аралык илимий конференцияларды өткөрүү • Республикалык, эл аралык форумдарды өткөрүү • Республикалык, эл аралык сынактарды өткөрүү • Көргөзмө долбоорлорду жүргүзүү • Туристтик долбоорлорду жүргүзүү • Креативдүү долбоорлорду жүргүзүү • Мультимедиялык долбоорлорду жүргүзүү • Илимий-изилдөө жана окуу-методикалык долбоорлорду жүргүзүү • Илимий, илимий-популярдуу, мезгилдүү, маалыматтык басылмаларды жарыкка чыгаруу • Илимий-талаа экспедицияларын жүргүзүү • Айтуучулардын туруктуу дүйнөлүк форумун өткөрүү • Эпостаануучулардын туруктуу дүйнөлүк форумун өткөрүү • Чет өлкөлүк уюмдар, илимий-изилдөө, билим берүү жана маданий мекемелер менен кызматташуу


“Эпостаануу” илимий изилдөө борбору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Академиянын негизги бөлүмү 2023-жылдын 1-июлунда түзүлгөн

Борбордун түзүмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

• “Манас” улуттук академиясынын М.Ганди атындагы илимий китепканасы • “Кол жазмалар, фонотека жана сейрек кездешүүчү, баалуу басмалар” фондусу • Текстология жана семиотика сектору • Эпостаануунун жаңы методдору жана азыркы теория сектору • Айтуучулук өнөрдү илимий изилдөө жана интеграция сектору

Борбордун озуйпалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

• Котормо • “Манас” эпосу жана анын башка бөлүктөрүн, кенже эпосторго байланыштуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү • Материалдык эмес маданий мурастарды, кол жазмаларды топтоо • Илимий-талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү • Илимий конференцияларга катышуу • Илимий конференцияларды өткөрүү • “Ачык лекциялар сериясы” боюнча иш алып баруу • Манастаануу багытында окуу курсун өтүү

“Эпос” эл аралык илимий журналы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

• фольклор, адабият таануу, антропология, тарых лингвистикасы жана философиялык илим тармактары боюнча мультидисциплинардык мезгилдүү илимий басылма • 2016-жыл, 29-январь – “Манас” жана Ч.Айтматов ааламы” аталышында 2165 номуру менен КР Адилет министрлигинде катталган • 2022-жыл, 7-март – “ЭПОС” эл аралык илимий журналы 2165 номуру менен кайра каттоодон өткөн • Кыргыз Республикасынын ЖАК (Жогорку аттетациялык комиссиясы) жана РИНЦ (Российский индекс научного цитирования - Орусиянын илимий цитаталар индекси) тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын алдыңкы рецензияланган илимий журналдарынын жана басылмаларынын тизмесине киргизилген • DOI Префикси: 10.57164 • Басылманын тилдери: кыргыз, орус, англис • Мезгилдүүлүгү: жылына төрт ирет • Категориялар: фольклористика, антропология, адабият таануу, лингвистика, тарых, философия • Кененирээк маалымат: https://eposview.kg

Кол жазмалар, фонотека жана сейрек кездешүүчү, баалуу басмалар фонду[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2022-жылдын 10-июль күнү расмий түзүлгөн

• Белгисиз манасчынын вариантындагы “Манас” эпосунун араб арибиндеги, 126 бет көлөмүндөгү кол жазмасы • Манасчы Алмабек Тойчубековдун вариантындагы “Манас” эпосунун айрым эпизоддорунун кол жазмалары • Манастаануучу Эсеналы Абдылдаевдин жарыкка чыга элек материалдарынын кол жазмалары • Манасчы Шаабай Азизовдун вариантындагы “Семетей” эпосунун кол жазмасы ж.б.

Epic китептер сериясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2022-жылы негизделген

• Айтуучунун түшү (Сновидения сказителя) • Евразия элдеринин айтуучулары (Сказители народов Евразии) • “Эр Төштүк” энциклопедиясы • Репрессияланган адабият: Тазабек Саманчин • “Эр Табылды” энциклопедиясы • Эсенаалы Абдылдаевдин илимий эмгектери

Коммуникация жана эл аралык байланыштар бөлүмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2022-жылдын 10-январь күнү түзүлгөн

Бөлүмдүн багыттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

• Эл аралык байланыштар • Коммуникация • Студия

Бөлүмдүн озуйпалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

• Академиянын сайтын иштетүү • Социалдык тармактар менен иш алып баруу • Аудио-видео жаздыруулар • Фотоматериалдар менен иш алып баруу • Маалыматтык ресурстар менен иштөө • Мультимедиялык, чыгармачылык долбоорлорду даярдоо • Маданияттын жана искусствонун ар кандай түрү менен жанрындагы академиянын ишмердүүлүгүнө тиешелүү көркөм чыгармаларды топтоо, жарыялоо

Эл аралык байланыштар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

• Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү (37 мекеме) • Кыргыз Республикасынын окуу жайлары (21 мекеме) • Эпос жана адабият боюнча чет өлкөлөрдөгү илимий мекемелер (147 мекеме) • Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк элчиликтер жана консулдуктар (51 мекеме) • Эл аралык уюмдар (20 мекеме) • Мамлекеттик жана коомдук жалпыга маалымдоо каражаттары (23 мекеме)

Кызматташтык боюнча меморандумдар жана келишимдер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Саха (Якутия) Республикасынын М.К. Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университети
  • Россия илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн «Археология жана этнография институту» федералдык мамлекеттик бюджеттик илим мекемеси
  • Башкортостан Республикасынын Ахмет-Заки Валиди атындагы Улуттук китепканасы
  • «Алтай мамлекеттик университети» федералдык мамлекеттик бюджеттик билим берүү мекемеси
  • Башкортостан Республикасынын «М. Акмулла атындагы Башкорт мамлекеттик педагогикалык университети»
  • Хакасия Республикасынын “Хакас тили, адабияты жана тарыхы илимий изилдөө институту” мамлекеттик бюджеттик илимий изилдөө мекемеси
  • Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
  • Талас мамлекеттик университети
  • И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
  • Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
  • К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы
  • “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы
  • К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети
  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы
  • А.Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасы