Жекенбаев Рахман

Википедия дан

Жекенбаев Рахман Жыгаччы. 1932-ж. Кара-Кулжа районундагы Кан-Коргон айылында төрөлгөн.

Шофёр, чабан болуп иштеген. Жыгаччылыкка жашынан киришип, айылдаш усталар Онкен менен Назанын нускаларын алган. Рахман боз үйдүн жыгачын кармоодо талды Кара-Кулжадагы Tap дарыясынын жээгинен мезгилди ылгабай кыйып келип, тезге коёрдон көп күн мурун сууга бастырып коёт. Аялы Мисекан экөөлөп алты канат (жүз баш) ак өргөө көтөргөн. Анын ичи-сыртын талаптагыдай жасалгалашкан. Үй жыгачын сырдоо үчүн Узун-Шоронун жошосун пайдаланат. Рахман Алай-Куу өрөөнүндөгү мыкты ээрчи. Ал ээр чабуунун үлгүсүн Сокур кара сарттын үлгүпөрүкөн алат (Өзгөндүн мунарасынын башынан ыргытканда сынбаган ээрдин чабылышын, түзүлүшүн ичмектеп көрүп баамдаган). Ошол үлгүсү аркылуу Кан-Коргондун Бөрү-Токой, Тилен-Терек сыяктуу токойлорунун теректерин, Саваяр (сабаа жар - чөптүн күчүнөн кымызы сабаа жарган), Тар-Көл жайлоолорунун карагайларын алат. Чаап жатканда «пай» коюп (ээр ажырап же сынып кетпеси үчүн каршы-терши желим ичирип) чабат. Аны уйдун, кайберендин териси менен KanTan, кашын өзүнчө чыгарат. Ага жаздык (желдик) кошо кармайт. Ээрлери элүү жылдай көөнөрбайт. Ага кардарлар төрт жүздөй ээр чаптырып, жыйырмадай үй жыгачын мататкан. Чебер комуз, кыяк да чаба билет. Аларды кармоо ыкмалары башкалардан анча айырмаланбайт. Устанын уулдары: Баймырза, Биймырза, Шамырза - анын ишенимдүү шакирттери. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1984-ж. Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына карата «Эл чеберлеринин көркөм буюмдарынын республикалык II кароо-сынагы». Боз үйү үчүн өмүрдөшү Арстанбекова Мисекан экөөнө ЭЧЖРКнүн I даражадагы диплому.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0