Ош облустук филармониясы

Википедия дан

Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы — 1987-ж. ачылган.

  • Бет ачар концерти 1988-жылдын 18-майында өткөн. Алгач филармониянын коллективи «Абат жергем» фольклордук, «Байге» эстрадалык топтордон, «Бекарстан» Эл аспаптар оркестринен турган.
  • 1995-ж. таланттуу обончу-ырчы Рыспай Абдыкадыровдун ысымы ыйгарылган.
  • 1997-ж. Кыргыз Өкмөтүнүн буйругу менен филармонияга «Космос» кинотеатрынын

имараты берилген.

  • Туңгуч директору Кыргыз Республиканын эмгек сиңирген артисти Д. Эшпаев болгон.
  • 1992-2000-жылдардын аралыгында А. Садыков, А. Байтероев, Р. Сатыбалдиев, Б.

Тургунбаев, 2000-жылдан Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Г. Садыбакасова жетектейт. Филармонияда залкар комузчу, Кыргыз Peспубликасынын эл артисти Б. Мадазимов,

  • акындар: Т. Жунусов, Б. Султанов, обончулар: Ж. Мамажанов, А. Качыров, И. Жунусов, А. Темиров,
  • куудулдар: Ж. Алыкулов, М. Бердибеков, Ж. Кайчиев, А. Иманкулов иштешкен.

Бүгүнкү күндө 110 адам эмгектенет. «Нуска» фольклордук, «Кызбурак» эстрадалык ансамбли, «Аземи» бий тобу, «Аралаш-2» куудул-аскиячылар, ырчы-аткаруучулар топтору, Б. Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестри иштейт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. ISBN 9967-14-016-X.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7