Аалиева Батмакан

Википедия дан

Аалиева (Байчерикова) Батмакан  - 1907-жылы, Тогуз-Торо районунун Арал айылында туулган. 1971-жылы Бишкек шаарында каза болгон.

Совет бийлигинин учурундагы аялдар кыймылынын активдүү өкүлү. Тогуз-Тородо кыз-келиндерден биринчи болуп комсомолдун катарына өткөн. [1]

1928-жылы Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетин бүткөн.

1928-жылдан 1957-жылга чейин Нарын, Жалал-Абад шаарларында комсомолдук, партиялык кызматтарда, Ноокат, Ленин, Өзгөн райондорунда партиянын райкомунун бөлүм башчысы, катчысы, Жалал-Абад шааркомунун катчысы, Киров райондук аткаруу комитетинин төрайымы, Кыргызстан КП БКнын алдындагы аялдар турмушун жакшыртуу боюнча бөлүм башчысы болуп иштеген. Медалдар менен сыйланган.[2]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Жалалабат облусу: Энциклопедия / Башкы ред.: Ү. Асанов; Редкол.: Ж. Шарипов, А. Акпаралиев, Б. Асанбеков. - Б. : [б. и.], - 2003. ISBN 5-89750-159-9
  2. Орунбеков Бакытбек – “Ак эмгекке байланган өмүр, (тарыхчы, доцент Б. Үрстөнбеков жана коомдук ишмер Б. Аалиева жөнүндө), Бишкек-2018.