Парламенттик сессия

Википедия дан

Парламенттик сессия (лат. sessio – жыйын) – парламент (парламент палаталары) жана анын комитеттери менен комиссияларынын пленардык жыйындары өтө турган мезгил аралыгы. Жыл ичинде канча кезектеги сессия болору мыйзам же каада боюнча белгиленет; андан тышкары жана адаттан тыш учурда чакырылган П. с. чукул чакырылган (кезексиз, адаттан тыш) деп аталат. КР ЖК сессиясы жыйын таризинде жана жылына бир ирет, т. а. сентябрь айынын алгачкы жумушчу күнүнөн тартып, кийинки жылдагы июнь айынын акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт. КР ЖКнын кезексиз сессиясы КР Президентинин, КР Өкмөтүнүн же КР ЖК депутаттарынын 1/3 бөлүгүнүн сунушу боюнча КР ЖК Төрагасы тарабынан чакырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]