Фижи

Википедия дан

Фижи Республикасы
англ. Republic of Fiji
фижи Matanitu Tugalala o Viti
фижи хиндиси Fidźi Ganaradźja / фижи хиндиси फ़िजी गणराज्य

Герб
Туу Герб
Урааны: «Rerevaka na Kalou ka Doka na Tui (Кудай Фижиге батаңды бер)»
Гимн: «Кудайдан корк жана падышаны сыйла»
Эгемендүүлүк күнү 10-октябрь 1970-жыл

Улуу Британиядан)

Расмий тили англис тили, фижи тили, хиндустани
Борбор шаары Сува
Ири шаарлар Сува, Лаутока
Башкаруу формасы Парламенттик республика
Президент
Премьер-министр
Уильям Катонивере
Ситивени Рабука
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
151-орун - дүйнөдө
18,274 км²
Калкы
• Бааланган (2018)
Жыштыгы

926,276 адам (161-орун)
46,4 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы

15,152 млрд $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

5,511 млрд $
6,024 $
АДӨИ  0,730 (жогору) (99-орун)
Этнохороним фижилик, фижиликтер
Акча бирдиги Фижи доллары (FJD)
Домени .fj
ISO коду FJ
ЭОК коду FIJ
Телефон коду +679
Убакыт аралыгы UTC +12:00

Фижи (англ. Fiji, фижи Viti, фижи хиндиси Fidźi), расмий аталышы — Фижи Республикасы (англ. Republic of Fiji, фижи Matanitu Tugalala o Viti, фижи хиндиси Fidźi Ganaradźja, фижи хиндиси फ़िजी गणराज्य) — Меланезиянын чыгышындагы, Океаниядагы көз карандысыз мамлекет. Тынч океанынын түштүк-батышындагы Фижи архипелагында, Жаңы Зеландиянын түндүгүндө, Вануатунун чыгышында, Тувалунун түштүгүндө жана Тонганын батышында жайгашкан.

Өлкөнүн расмий аталышы бир нече жолу өзгөргөн:

  • Фижи Падышалыгы (1871-1970 жж.).
  • Фижи (1970-1987 жж.).
  • Фижи Республикасы (1987-1990 жж., 2010-жылдан тартып).
  • Фижи Эгемендүү Демократиялык Республикасы (1990-1998 жж.).
  • Фижи Аралдарынын Республикасы (1998-2010 жж.).

Этимология[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттин азыркы «Фижи» аталышы — өлкөнүн башкы Вити-Леву аралынын тонга тилиндеги бурмаланган аталышынан келип чыккан. Тонга аралдарынын жашоочулары илгертен бери фижиликтер менен тыгыз байланышта болушкан, алар аймакта эр жүрөк жоокерлер жана мыкаачы каннибалдар жашашат деп эсептеген. Фижиликтер жасаган курал-жарактар жана буюмдар жакынкы аралдарда жашаган элдер арасында чоң суроо-талапка ээ болгон. Фижилер өз мекенин Вити (фижи Viti), ал эми тонгалыктар Фиси (тонга Fisi) деп аташкан. Кийинчерээк бул сөздү европалыктар, тактап айтканда, британиялык Жеймс Кук аталышын, биринчи жолу картага «Фижи» (англ. Fiji) деп түшүргөн[1].

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Физикалык жана географиялык мүнөздөмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фижинин Океаниядагы жайгашкан картасы
Фижинин картасы
Фижинин топографиялык картасы

Географиялык абал[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тынч океанынын түштүк-батышында, Меланезияда жайгашкан Фижи мамлекети жанар тоо жана коралл аралдарынын тобунан турат. Өлкөнүн борбору Сува шаары Жаңы Зеландиядан 1770 чакырым түндүктө жана АКШнын Гавайи штатынан 4450 чакырым түштүк-батышта жайгашкан[2].

Жакынкы архипелагдары — Франциянын Уоллис жана Футуна аймагына таандык жана Фижи аралдарынын түндүк-чыгышында жайгашкан Футуна (Хорн) аралдары, чыгышында Тонга мамлекетине таандык аралдар жана батышында Вануатуга таандык Жаңы Гебрид аралдары.

Фижинин жалпы аянты 18,274 км²[3]. Өлкө 332 аралдарда жайгашкан, аралдардын үчтөн биринде гана туруктуу калк жашайт[4]. Алардын аянты боюнча эң чоңдору Вити-Леву (10 429 км²) жана Вануа-Леву (10 429 км²) аралдары[4].

Вити-Леву аралында өлкөнүн калкынын 70% жакыны жашайт, Фижинин үч ири шаары (Сува, Нанди жана Лаутока) жана негизги аэропорту жайгашкан. Башка ири аралдары — Тавеуни (470 км²), Кандаву (411 км²), Нгау (140 км²) жана Коро (104 км²). Фижи аралдарынын көбү арал топторуна чогултулган, алардын эң чоңу Вануа-Леву, Вити-Леву, Кандаву, Ломаивичи, Ясава, Маманута, Лау жана Моала. Өлкөнүн курамына Сува шаарынан 63 км түндүк-батышта жайгашкан Ротума аралы (43 км²) кирет[4]. Ротума аралын кошпогондо Фижи аралдары түндүк-батыштан түштүк-чыгышка карай 595 чакырымга, түндүк-чыгыштан түштүк-батышка 454 чакырымга созулуп жатат[2].

Өлкөнүн эң бийик жери Вити-Леву аралында жайгашкан бийиктиги 1324 метрге жеткен Томаниви тоосу[3].

Фиджинин эң түндүккү аралы — Ротума арал тобунун курамына кирген Уэа аралы, эң батышкы жана ошол эле учурда эң түштүккү аралы — Теваира рифи, эң чыгышкы аралы — Ватоа.

Геология[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фижи аралдары, батыш тарабынан Түндүк Фижи ойдуңу, чыгыш тарабынын Лау ойдуңу жана Фижи жаракасы, Мэтью Хантер кырка тоосу менен чектелген Тонга-Кермадек менен Жаңы Гебриддер аралдарынын конвергенция аймактарынын ортосунда жайгашышкан. Тынч океанынын тектоникасын жана түзүлүшүн изилдөөнүн негизинде, мурунку мезгилде Фижи аралдары Тынч океанынын жанар тоолук от шакекчесинин ажырагыс бөлүгү болгон деп божомолдоого болот[5].

Климат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Климатограмма Сува шаары
ЯФМАМИИАСОНД
 
 
315
 
30.6
23.6
 
 
288
 
31.0
23.8
 
 
371
 
30.6
23.5
 
 
390
 
29.7
23.1
 
 
267
 
28.3
21.9
 
 
164
 
27.6
21.4
 
 
142
 
26.5
20.4
 
 
159
 
26.6
20.5
 
 
184
 
27.0
20.9
 
 
234
 
27.8
21.7
 
 
264
 
28.8
22.5
 
 
263
 
29.8
23.2
Температура °CЖаан-чачын мм
Булак: Fiji Meteorological Services

Фиджи аралдарынын климаты океандык тропиктик. Архипелагга жакын, анын түндүк-чыгыш жана түштүк-батыш тараптарында Түштүк Тынч океанынын конвергенция аймагы жайгашкан. ушул себептерден улдам жаан-чачындын көп болушу менен мүнөздөлөт. Бул аймак климаттын кескин жана күтүсүздөн өзгөрүшүнө алып келет[4]. Майдан октябрга чейин созулган кургакчыл мезгилде бул конвергенция аймагы Фижинин түндүк-чыгышында жайгашат, ал эми ноябрдан апрелге чейин жаан-чачындуу мезгилде аралдардын аймагын камтыйт. Жаан-чачындуулукка таасир этүүчү дагы бир маанилүү фактор, Фижи аралдарына нымга каныккан абаны алып келген түштүк-чыгыш пассатар саналат.

Орточо суткалык температура мезгилге жараша өзгөрүп турат. Кургакчыл мезгилинде +23°C - +25°C чейин, ал эми жаан-чачындуу мезгилде +26°C - +27°C чейин. Жалпысынан эң суук (июль-август) жана эң жылуу айларда (январь-февраль) температуранын айырмасы +3°C - +4°C гана түзөт. Жээкке жакын жерлерде орточо түнкү температура +18°C, ал эми күндүзү +32°C. Аралдардын ички аймактарында түнкү температура +15°C чейин төмөндөшү мүмкүн. Фижиде катталган минималдуу температура +8°C, ал эми максималдуу температура +39,4 °C болгон. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө чыгыштан жана түштүк-чыгыштан соккон пассаттар, ал эми Вити-Леву жана Вануа-Леву аралдарында бриз шамалдары мүнөздүү. Шамалдын ылдамдыгы көбүнчө убакта катуу эмес. Чоң ылдамдыка жеткен шамалдар июндан менен ноябрь айларынын ортосунда сейрек катталып турат[6].

Суу ресурстары (гидрология)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Наусори шаарынан агып өткөн Рева дарыясы

Фижи аралдарынын көпчүлүгүндө таза суунун чектелген туруктуу булактары бар. Топурак борпоң болгондугунан улам, жаан-чачын менен жааган суулар жер бетинде көпкө турбай, бат эле жерге сиңип кетет. Жергиликтүү жашоочулар негизинен чатырлардан топтолгон жамгыр суусун же кичинекей кудуктардан алынган сууну колдонушат.

Ири жанар тоо аралдарында көптөгөн дарыялар жана сайлар бар, ал эми Вити-Леву аралында ири дарыялар бар. Бул аралдын болжол менен 70% аймагында өлкөнүн — Рева, Навуа жана Сингатока аталышындагы үч ири дарыя тутумунун бассейндери орун алган. Бул дарыялар Вити-Левунун түштүк бөлүгүндө деңизге барып куюшат[7]. Өлкөнүн эң ири Рева дарыясынын узундугу 145 км жетет (кеме жүрүүчү бөлүгү 100 км жакын) жана дарыя бассейнинин аянты болжол менен 3000 км². Бирок, экономикалык жактан алганда Мба жана Нанди дарыялары эң чоң мааниге ээ. Вануа-Леву аралынын дарыяларынын узундугу, 55 км Дрекети дарыясынын эске албаганда кыска келет[7].

Көлдөр Фижи аралдарында үчүн сейрек кездешет. Көлдөрдүн эң чоңу Тавеуни аралында жайгашкан, аянты 23 га болгон Тангимаутиа көлү. Вануа-Леву аралында, аянты кичинекей, суусу аз туздуу Нгалонгало, Нгасаува жана Ндрано көлдөрү жайгашкан[7].

Кен-байлыктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Топурак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фиджи аралдарындагы топурактардын көбү негизинен жанар тоо тектеринен туруп, түшүмдүү келет. Курамында коралл жана башка тектердин бөлүктөрүн камтыйт. Дарыялардын боюнда жайгашкан аллювий чөкмөлөрү аллохтондук топурактар басымдуурак кылат[8]. Ойдуңдардын (деңиз жээктери, пенепленге) топурактары вулкандык күлдөн, тоо тектерден, акиташ туфунан, чоподон турат. 600 метрден бийик, тоолуу айматкардын топурактары аллювий чөкмөлөрүнө, вулкандык күлдөн, тоо тектерден турат. Жайыт топурактары курамында натрий, фосфор, күкүрт жана калийдин аздыгы менен мүнөздөлөт[9]. Фижидеги эң түшүмдүү топурактар Сингатока, Рева, Нанди, Мба, Навуа жана Ламбаса дарыларынын жайылмасында жайгашкан[9].

Флора жана фауна[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маманута аралы

Аралдардын геологиялык түзүлүшүн, ар кандай климаттык шарттарын жана архипелагдагы айрым аралдардын обочолонуп жайгашкандыгына байланыштуу, Фижинин экосистемасы ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Фижи аралдарынын бетинин көбү жыш өсүмдүктөр менен капталган. Жээк аймактарында мангрлар, көптөгөн рифтер кездешет[4].

Административдик-аймактык түзүлүш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фижинин административдик-аймактык түзүлүшүнүн картасы

Административдик жактан Фижи Республикасы округдарга бөлүнөт. Жалпысынан өлкөдө төрт округ жана бир көз каранды аймак бар:

  • Чыгыш округу;
  • Батыш округу;
  • Түндүк округу;
  • Борбордук округу

Округдар өз кезегинде 14 провинцияларга бөлүнөт: Кандаву, Лау, Ломаивичи, Мба, Мбуа, Матуата, Наитасири, Намоси, Нандронга-Навоса, Ра, Рева, Серуа, Таилеву жана Такаундрове.

  • Негизги архипелагдын түндүгүндө жайгашкан Ротума аралы ички автономиялуу көз каранды аймак макамына ээр.
Округ Провинция Аянты,
км²
Калкы,[10]
адам (2007)
Калктын жыштыгы,
адам/км²
Административдик борбору
Чыгыш округу 1 Кандаву 478 10 167 21,27 Вунисеа
2 Лау 487 10 683 21,94 Тубоу
3 Ломаивичи 411 16 461 40,05 Левука
Батыш округу 4 Мба 2634 231 760 87,99 Мба
5 Нандронга-Навоса 2385 58 387 24,48 Сингатока
6 Ра 1341 29 464 21,97 Ваилека
Түндүк округу 7 Матуата 2004 72 441 36,15 Ламбаса
8 Мбуа 1379 14 176 10,28
9 Такаундрове 2816 49 344 17,52 Савусаву
Борбордук округу 10 Наитасири 1666 160 760 96,49 Насину
11 Намоси 570 6898 12,10 Навуа
12 Рева 272 100 787 370,54 Сува
13 Серуа 830 18 249 21,99 Серуа
14 Таилеву 755 55 692 73,76 Наусори
Көз каранды аймак 15 Ротума 46 2002 43,52 Ахау
Баардыгы 18 074 837 271 45,82
Орточо 1204,93 55 818,06 59,116875

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Fiji High Commission. Фижи жөнүндө (англ.)
  2. 2.0 2.1 Фижинин жайгашкан жери, аянты
  3. 3.0 3.1 CIA. The World Fact Book. Фижи
  4. 4.0 4.1 4.2 4.3 4.4 Pacific Islands Climate Change Assistance Programme (PICCAP) & Fiji Country Team. Климаттын өзгөрүшүнө карата Фижи аралдарынын иш-чаралары
  5. Жер жана минералдык ресурстар министрлиги. Фижинин минералдык ресурстар департаменти. Фижинин геологиясы.
  6. Fiji Meteorological Services. Фижинин климаты
  7. 7.0 7.1 7.2 RAMSAR Program. Фижи
  8. World Wildlife Fund. Фижинин тропикалык нымдуу токойлору
  9. 9.0 9.1 FAO. Фижинин жайыт жана тоют ресурстары.
  10. 2007-жылкы калкты каттоо маалыматтары (англ.)

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]