Физика-химиялык анализ

Википедия дан

Физика-химиялык анализ — физ. жана геометриялык методдор айкалыштыруу менен теңдештик системаларда жүрө турган кубулуштарды изилдөөчү хим-нын бир тармагы. Ф.-х. а. менен изилденүүчү системалар фазалык түзүлүштүн мүнөзү боюнча гетерогендик (эки же андан көп фазадан турган), гомогендик (бир фазадан турган) жана конденсацияланган система (буу жана газ сыяктуу фазалар кармап турбаган) болуп бөлүнүшөт. Бири-бирине көзкаранды болбогон компоненттер санына жараша системалар 1, 2, 3, жана көп компоненттүү болот. Ф. х. а. системанын курамы менен физ. касиеттери (электр өткөргүчтүгү, катуулугу, илээшкектиги, чыңалуу көрсөткүчү жана башкалар) ортосундагы көз карандылыкты изилдөөгө негизделген. Изилдөө туруктуу темп-рада жана басымда жүргүзүлөт. Система курамы менен касиетинин ортосундагы мындай көз карандылык сандык маанисинин катышы тажрыйба түрүндө аныкталып, химиялык диаграмма түрүндө чагылдырылат. Бул диаграммалар физ.-хим. же химиялык диаграммалар деп аталат. Химиялык диаграммалар геометриялык ыкма менен изилдөө Н. С. Курнаков тарабынан киргизилип. ал эки принципке негиздеген. Үзгүлтүксүз принциби боюнча системанын абалын аныктоочу параметрлер үзгүлтүксүз өзгөрүлгөн сайын системада фазалар касиеттери да үзгүлтүксүз өзгөрөт (эгерде система фазасынын саны туруктуу бойдон сакталса). Эгерде жаңы фаза пайда болсо, же мурунку фаза жоюлуп кетсе, анда кээ бир касиеттер чоңдугу (бирок бардыгыныкы эмес) үзүлүп калышы мүмкүн. Туура келүү принциби боюнча ар бир фазага (хим. индивидге же эритмеге) же ар бир фазанын комплексине химиялык диаграммада белгилүү бир геометриялык образ туура келет. Химиялык диаграмма боюнча компоненттер өз ара аракеттенишинин мүнөзүн, пайда болгон жаңы фазалар бири биринен бөлүп албай жана химиялык анализ жүргүзбөй эле алар курамын жана туруктуулук чек арасын аныктоого болот. Ф.-х. а. химиялык бардык тармактарында жана ага жакын теориялык жана прикладдык илимде: минерология, геохимия, металлография, металлургия, петрография, галлургия, минералдык жана орг. техникада кеңири колдонулат. Ф.-х. а. жөнүндөгү ойлорду 1752-ж. М. В. Ломоносов өзүнүн «Чыныгы физикалык химияга кириш сөз» деген эмгегинде берген. Ал эми Ф.-х. 19-к. 2-жарымында Д. К. Чернов, Г. К. Сорбин, Дж. В. Гиббс, Д. И. Менделеев эмгектери негиз салган жана техниканын талабына ылайык 19-20-кк. дүркүрөп өнүккөн. Мындай өнүгүү А. Ле-Шателье, У. Р. Остен, Г. Б. Розебаум, Г. Тамм, Н. С. Курнаков ысымдары менен тыгыз байланышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]